1-сентябрдан тарта Кыргызстанда жарандын саламаттыгы тууралуу медициналык китепче кагаз түрүнөн электрондук форматка өткөрүлөт.
Министрлер кабинети кабыл алган токтом менен милдеттүү медициналык кароодон өтүү эрежелери да өзгөртүлдү. Ага ылайык, милдеттүү медициналык кароодогу лабораториялык изилдөөнүн жана функционалдык кароонун жыйынтыктары саламаттык сактоонун мамлекеттик санарип системасында электрондук форматта түзүлөт, сакталат жана тиешелүү тарапка жиберилет. Анын негизинде электрондук медициналык китепче түзүлөт.
Ал эми 1-сентябрга чейин түзүлгөн медициналык корутундулар, китепчелер мөөнөтү бүткүчө жарактуу деп саналат.
Өзгөртүүлөр милдеттүү медициналык кароодон өтүү талап кылынган: коомдук тамак-аш, соода, билим берүү, саламаттык сактоо, коммуналдык тейлөө жана башка кызматтардын кызматкерлерине тиешелүү.
Адамдын саламаттыгы тууралуу медициналык китепче эмгекчилер үчүн гана эмес, бала бакча, мектеп, кесиптик жана жогорку окуу жайларга кабыл алууда да талап кылынат.(ZKo)
Дагы караңыз
Шерине