Миң жылдык тарых жана согуш. Жалын чулгаган Киев-Печерск Лавры
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
1
Киевдин тургундары 15-июнда ойгонгондо үч уктаса түшкө кирбеген окуяга күбө болушту. Орусиянын армиясынын Украинага тынымсыз дрон жана ракета чабуулунун айынан айтылуу диний монумент саналган чиркөөдө өрт чыкты. Бул Киев-Печерск Лаврынын миң жылдык оош-кыйыштуу тарыхындагы оор кыйроолордун бири.
2
Киев-Печерск Лаврынын 1651-жылы тартылган сүрөтү. Лавр чиркөөнүн өзгөчө түрү саналып, анын курамына кечилдердин (эрмиттердин) үңкүрлөрү же чакан турак жайлары кирет. Ал эми Печерск деген сөз "үңкүрлөргө таандык" деген маанини билдирет. Бул чиркөө комплекси XI кылымда Днепр дарыясынын боюндагы бийик дөңсөөдө пайда болгон. 1096–1416-жылдар аралыгында Лавр бир нече жолу таланып-тонолуп, өрттөлгөн. Ага адегенде кыпчактар, кийинчерээк монголдор жана Алтын Ордонун аскерлери чабуул коюшкан.
3
1902-жылы Киев Орус империясынын борбору болуп турганда тартылган сүрөт. Чиркөө комплекси проваслав христиандарынын ыйыктарынын мумияга айланган сөөктөрү сакталган кабырлардан турат. Бул жерде "Киев Русунун жылнаамасынын повестин" жазганы айтылган Нестор Летописцтин дагы сөөгү жашырылган.
4
1918-жылы тартылган чиркөө комплексинин астанасы. 1918-жылдын башында большевиктерди колдогон куралдуу топтор Орусиянын православ чиркөөсүнүн митрополитин Лаврдын дубалынын жанында атып өлтүрүшкөн. Совет бийлиги Украинаны көзөмөлгө алгандан кийин чиркөөнүн баалуу буюмдары мамлекет тарабынан конфискацияланып, чиркөө комплекси музейге айландырылган.
5
Киев-Печерск Лаврынын коңгуроо каккан жеринде турган немис аскери. Сүрөт 1941-жылы Киевди нацисттер басып алганда тартылган. Бул сүрөт тартылгандан көп узабай Лаврдын Успен чиркөөсү Кызыл армия койгон миналардан кыйрап, урандыга айланган.
6
Успен чиркөөсү 1941-жылы ноябрда кыйрагандан кийин.
Сүрөт 1942-жылы Киев нацисттер басып турган тушта тартылган. Кызыл армия шаарды 1943-жылы кайтарып алган.
Сүрөт 1942-жылы Киев нацисттер басып турган тушта тартылган. Кызыл армия шаарды 1943-жылы кайтарып алган.
7
1977-жылы тартылган сүрөт. Андан чиркөөнүн Экинчи дүйнөлүк согушту көргөн ашканасы. Талкаланган Успен чиркөөсү (сүрөттө сол жакта) Советтер Союзундагы согуштан кийин кайра калыбына келбеген имараттардын бири болуп кала берген.
8
Украина 1991-жылы Советтер Союзунун курамынан чыгып, көз карандысыздык алгандан кийин гана Успен чиркөөсү 2000-жылы Эгемендик күнүнө карата оңдолгон. Сүрөт 2013-жылы тартылган.
9
Киев-Печерск Лаврынын ашканасынын шыбынан кирген күндүн нуру. Чиркөө Украин православ чиркөөсүнүн Москва бөлүмүнүн башкаруусунда болгон. Чиркөө орус православ патриархы менен байланышты 2022-жылы үзүп, Украинага толук масштабдуу кол салууну айыптаган. Ага карабай Киев бийлиги чиркөөнү Орусия менен байланышта деп айыптап келет.
10
2013-жылы Киев-Печерск Лаврынын жанынан өтүп бараткан украин жоокерлери. 2022-жылы ноябрда чиркөөнүн аймагында "Орусия Эне ойгонууда" деп орусча патриоттук ырды созуп жаткан адамдардын видеосу тарап кеткен.
11
2023-жылы март айында Украинанын Маданият министрлиги Украин провослав борборунун ижара келишимин жокко чыгарган. Бирок диний ишмерлер чиркөөнү бошотуу талабын тоготкон эмес. 2026-жылы июнда Лаврда ондогон диниятчылар жана кечилдер болгону айтылууда.
12
Успен чиркөөсүнүн талкаланган бурчу. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөргө караганда, 15-июнда түнкү дрон жана ракета чабуулдары учурунда өрт чыгып, чиркөөнүн чатыры күйгөн. Имараттын ички бөлүгү салыштырмалуу азыраак зыян тарткандай көрүнөт. Владимир Зеленский Орусиянын дрондору чиркөө жайгашкан аймакты атайылап бутага алганын билдирген. Лаврдын өкүлдөрүнүн бири, архимандрит Авраамий соккуну "душмандын огу как жүрөккө тийгендей болду" деп сүрөттөдү. Ал эми Орусия чиркөөнү бутага алганын четке кагып, тарыхый имарат Украинанын абадан коргонуу системасынын аракеттеринен улам зыян тартканын айтууда. Бирок бул дооматты тастыктаган далилдерди көрсөткөн эмес. Согуштун жүрүшүндө Орусиянын дрондук жана ракеталык чабуулдары турак жайларга, жарандык объектилерге жана маданий мурас жайларына тийип, ири кыйроолорго жана адам өмүрүнүн кыйылышына алып келген.