Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Алимент төлөөдөн качкандарды жоопко тартуу жеңилдейт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда алимент төлөөдөн качып, чет өлкөлөргө кетип калгандарды жоопкерчиликке тартуу жеңилдейт. Минск жана Кишинев конвенцияларынын протоколун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун 16-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери карап, кабыл алды.

Мыйзам жалпы отурумда колдоо тапса алимент төлөбөй Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларус, Армения жана Азербайжан өлкөлөрүндө качып жүргөн жарандар жоопко тартылып, алиментти ашыгы менен төлөөгө милдеттендирилишет.

Сот аткаруучулар кызматынын башчысынын орун басары Мухамедали Амановдун комитет отурумунда билдиргенине караганда, мыйзам жашы жете элек балдардын укугун натыйжалуу коргоого шарт түзөт жана сот чечимдери тууралуу бул жети мамлекетке ыкчам көрсөтмө берүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Документ ошондой эле балдарга алимент төлөө боюнча сот чечимдерин так аткарууну жана таанууну тескейт, чечимдин көчүрмөсү жоопкер адамга расмий түрдө тапшырылганын же жөнөтүлгөнүн тастыктоо тартибин белгилейт.

Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына караганда, 2025-жылы алимент өндүрүү боюнча 60 720 иш өндүрүшкө алынган. Учурда жашы жете элек балдарына алимент төлөөдөн качып жүргөн 1 204 адам издөөдө.

Алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркиндигинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып ишке аша баштады. Буга чейин өлкөнүн айрым аймактарында алимент төлөбөй жүргөн жарандар кесилип, сот залынан камакка алынышкан.

Ошондой эле 400-500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки алимент карызы бар жарандардан каражат өндүрүлгөнү маалымдалган.

Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG