Салык кызматы бул кадам Кыргызстанды креативдүү индустриянын аймактагы борборуна айлантууга шарт түзөрүнө ишендирүүдө. Ал арада блогерлердин салыгы кайчы пикирлерди жаратып, Кыргызстандагы контент жаратуучулардын коомдук-саясий окуялардагы ролу тууралуу талкууга жол ачты.
Мамлекеттик салык кызматы 12-июнда президент кол койгон жарлыкка ылайык, IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан эмгектенгендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер жана блогерлер беш жылга салык төлөөдөн бошотуларын жарыялады.
Мекеме бул креативдүү индустрияларды өнүктүрүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берерин айтууда.
Бул маалымат коомчулукта кызуу талкуу жаратып, өзгөчө блогерлерди салыктан бошотуу идеясына нааразы пикирлер жазылууда.
Блогер - медиа продукт жасап, аны социалдык платформалар аркылуу коомчулукка тараткан адам. Мындай контент жаратуучулар катталуучулардын санына, тарыхчасын жана публикациясын канча адам көргөнүнө карай белгилүү суммага жарнамаларды жайгаштырып пайда табат.
“Мугалим, дарыгерге карата адилетсиз чечим”
Интернетте башка тармакта эмгектенгендер блогерлер менен өз кирешелерин салыштырып, соңку жаңылыкты өздөрүнө карата адилетсиз чечим катары кабылдашты.
“Мугалим болуп иштейм. Айлык акым акыркы жолу көтөрүлгөндөн кийин 30 миң сомдун тегерегинде болуп калды. 30 миң сом айлык алсам, андан 7 миң салык төлөсөм, демек бул мен үчүн чоң акча. Бул акчага бир айга жеке башыма азык-түлүк ала алам. Сабаттуу мугалимдерге, адамдын өмүрүн сактап иштеген дарыгерлер менен салыштырганда бул бир аз адилетсиз чечим болуп калат”, - деп ой бөлүштү окуу жайлардын биринде иштеген Айзат Кудайберди кызы.
Кыргызстанда блогерлерге буга чейин да салык төлөөгө жеңилдик берилип келген. Тагыраагы, 2025-жылдын февралында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “блогерлик Кыргызстанда жаңы өнүгүп келе жатканын, учурда аларды салыктык талаптар менен кыйнабай туруу керектигин” белгилеген.
“Ал эми атайын салык режимине, бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасына келгенде, блогерлер – Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери 2027-жылга чейин кирешенин 1% төлөшөт, 2027-жылдан баштап бул ставка 2% көтөрүлүп, 5% салык агенти тарабынан алынган кирешеге салынат. Алар, жалпы салык режимин тандаган учурда 15 жыл бою камсыздандыруу салымдарын төлөөдөн бошотулат", - деген Шыкмаматов жергиликтүү басылмаларга курган маегинде.
Блогер Атакул Жалилов бул жаңылыкка кубанып жатканын жашырган жок.
“Тез кабар” ар айда кеминде мамлекетке салык төлөйбүз. Бизге минтип жеңилдик берди. Бул материалдык-техникалык базаны чыңдоого, өзүбүздү өнүктүрүүгө, бир аз болсо да кызматкерлерибиздин маянасын көбөйтүүгө мотивация”.
Айрым медиаэксперттер блогерлерге эркин чөйрө түзүү маанилүү деп эсептешет. Аларды салыктан бошотуу ордуна, мисалы, Тик Токтогу бөгөттү алып койсо пайдалуу болмок дешет алар.
"Мамлекет блогерлерге башка жолдор менен деле олуттуу колдоо көрсөтө алат. Маселен, Кыргызстанда YouTube платформасын монетизациялоого жетишсе, TikTok'тун ишин калыбына келтирсе, жаштар үчүн чыгармачыл лабораториялардын иштешине шарт түзсө, коомго пайдалуу контент даярдоого мамлекеттик социалдык буюртмаларды жайгаштырса, ошондой эле контент жаратуучулар үчүн либералдуу мыйзамдык чөйрөнү жана өзгөчө шарттарды түзсө, бул блогосферанын өнүгүшүнө кыйла чоң салым болмок”, - деди медиаэксперт Азамат Тынай уулу.
Ал арада Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү басылмалардын бирине түшүндүрмө берип, соңку чечимдин максатын мындайча чечмеледи.
“Президент болсо кеңири ой жүгүртүп жатат. Ал бүгүнкү блогерди эмес, беш жылдан кийин андан өсүп чыгышы мүмкүн болгон медиа-холдингди көрүп жатат. Ал бүгүн жалгыз иштеген программистти эмес, бир нече жылдан кийин өз продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгара турган IT-компанияны көрүп жатат. Ал бүгүнкү контент жаратуучуну эмес, келечекте тасмаларды, сериалдарды, билим берүү долбоорлорун жаратып, ондогон адамдарды жумуш менен камсыз кыла турган студияны көрүп жатат. Бул чечимдин маңызы дал ушунда. Президент бизнестин бүгүнкү көлөмүнө эмес, анын келечектеги мүмкүнчүлүгүнө ставка коюуда”.
Шайлоого даярдыкпы?
Соңку учурда Кыргызстандагы блогерлер, инфлюенсерлер мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларга байма-бай чакырылууда. Мындан улам, айрым серепчилер блогерлердин салыктан бошотулушун алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырышат.
“Блогерлердин коомчулукта орду зор. Ошондуктан бийликтин аларды салыктан бошотконун өзүнө жакындатуу аракети катары сыпаттасак болот. Менимче, кандай гана тармак болбосун адис киреше тапса, анда ал мекенчилдик кадам жасап, салык төлөшү керек. Бул анын жарандык парзы. Азыр [президенттик] шайлоо расмий түрдө башталбаса деле бейрасмий старт алганы баарыбызга маалым. Ошондуктан бул кадамды блогерлерди өз карамагында калтыруу, жакындатуу, бийликти жакшы көрсөтүү жана бийликтин кадыр-баркын көтөрүүгө алардын күчүн жумшоо деп кабылдасак болот”, - деди саясат талдоочу Адил Турдукулов.
Быйыл жыл башында Кыргызстанда блогерлер үчүн жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалымдалган. Маданият министри Мирбек Мамбеталиев блогерлер ЖМКнын өкүлү эмес экенин, бирок миллиондогон катталуучусу бар болгондуктан тараткан маалыматы үчүн жоопкерчилик алууга тийиштигин белгилеген.
Ал 50-100 миңден же миллиондон ашык катталуучусу бар айрым блогерлер кайсы бир өнүмдөрдү жарнама кыларын, бул ишкердик болуп саналарын, андыктан эки тарапка тең ыңгайлуу ыкма табуу керектигин кошумчалаган. Учурда бул мыйзам долбоору кайсы этапта экени тууралуу так маалымат айтыла элек.
Шерине