Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

Адылбек Касымалиев мамлекеттик карыз боюнча чочулоого негиз жок экенин билдирди

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы карыздын көлөмү боюнча түшүндүрмө берип, кооптонууга негиз жок экенин айтты.

Бул тууралуу “Акипресс” агенттигине курган маегинде тышкы карызды өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмүнө жараша баалоо керектигин белгилеген.

“Мурдагы карыздардан айырмаланып азыркы карыздар ири долбоорлорго даректүү жумшалып жатат. Келечекте өзүн жабат, бюджетке күч келтирбейт. Мурдагы карыздар кумга сиңген суудай болуп кеткен. Же бир көзгө көрүнөрлүк ири долбоор бүткөн эмес, же завод, фабрика салынган эмес, таланып-тонолуп кеткен. 2020-жылга чейин чындыгында кыйын болчу. Бюджеттик дефицит 20 млрд сом, ИДӨ 640 млрд эле сом болчу. Ошол үчүн тышкы карызды кантип төлөйбүз деген көйгөй болгон. Азыр жана келечекте эч кандай маселе болбойт. Тышкы карызды шылтоо кылып, кара пиар кылабыз дегендердин максаты ишке ашпайт. Муну экономист, финансисттер жакшы түшүнүшөт”, - деген Касымалиев.

Ал президент Садыр Жапаров мамлекеттик карызды ички дүң өнүмдүн 50% ашырбоо талабын койгонун кошумчалады.

Каржы министрлиги билдиргендей, быйыл март айындагы маалыматта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын 4,6 миллиарды ички, 5,2 миллиарды тышкы карыз.

Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев июнда парламент жыйынында мамлекеттик карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 41,7% түзөрүн, бул көрсөткүч 2030-жылы 23% түшөрүн билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG