Орусия 10-июлда украин дрондорунун чабуулдарынан кийин Дон дарыясын Азов деңизи менен байланыштырган жана анын ичинде дан экспорту үчүн колдонулган Азов-Дон деңиз каналындагы кемелердин каттамын токтотту.
Бул тууралуу Reuters агенттиги дан тармагындагы эки булакка шилтеме берүү менен жазды. Булактар кемелердин каттамы качан кайра жанданышы мүмкүн экенин айтышкан эмес.
10-июлга караган түнү украин дрондору Ростов облусундагы Азов, Таганрог шаарларын, ошондой эле Азов жана Матвеев-Курган райондорун бутага алган. Азовдо учкучсуз учактардын чабуулунан мунай өнүмдөрү сакталган эки объектиде өрт чыккан. Мониторинг каналдарынын маалыматына караганда, бул жайлар "Роснефть" компаниясынын Азов жана "ДонТерминал" мунай базалары. Таганрогдо өрт деңиз портунун аймагында тутанып, "Роснефтке" таандык "Курганнефтепродукт" портук терминалы күйгөн. Жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаал аймагынан адамдарды эвакуациялаган.
Мындан тышкары, украин дрондору түнү менен жана 10-июлда күндүз Азов деңизинде Орусиянын 13 кемесине, анын ичинде он танкерге чабуул жасаган. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз системалар күчтөрүнүн командири Роберт Бровди билдирди.
Акыркы күндөрү Азов жана Кара деңиздеринде Орусиянын ондогон кемелери, негизинен аннексияланган Крымга күйүүчү май ташууга аракет кылган чакан танкерлер соккуга кабылган. Бровдинин айтымында, алардын саны 48ге жетти. Украинанын Башкы штабы чабуулга кабылган кемелер орус армиясын камсыздоо жана эл аралык санкцияларды айланып өтүп мунай менен мунай өнүмдөрүн ташуу үчүн колдонулганын билдирген.
Reuters агенттиги сурамжылаган эксперттердин баамында, каналдын ишинин токтошу Азов деңизи аркылуу сыртка чыгарылган Орусиянын буудай экспортунун дээрлик төрттөн бир бөлүгүнө таасир этиши мүмкүн.
Шерине