Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

ШКУ саммити: 1-сентябрь Бишкектеги мамлекеттик кызматкерлер үчүн дем алыш деп жарыяланды

Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына байланыштуу 1-сентябрь Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн дем алыш деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Ал бул күнгө каралган эмгек акылар толугу менен сакталарын белгилеп, бул күндү дем алыш деп жарыялоо Бишкек шаарынын аймагындагы жеке компанияларга жана ишканаларга да берилгенин кошумчалады.

Аскат Алагөзов тактагандай, “Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” жарлык чыгарып, аны аткаруу үчүн Министрлер кабинетинин токтом кабыл алды.

Президенттин маалымат катчысы коомчулук күтүп жаткан “Бишкек арена” стадионунун ачылышы сентябрдын аягында болорун маалымдады:

“31-августта бул стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы гана өтөт. Оюнга катышкан командалар парады өлкө башчыларынын катышуусунда өтүп, чакан коцерттик программа эле тартууланат. Жогоруда белгилегенимдей, биздин сыймыгыбыз болгон “Бишкек аренабыздын” расмий ачылыш салтанаты жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда сентябрдын аягына чейин шаан-шөкөт, эстрада жылдыздарынын концерти менен өтмөкчү. Анткени, өлкө жетекчилигинде “ушул сыяктуу ири имарат болобу, чоң долбоор болобу ар бир кыргызстандыктын салымы бар, ошондуктан жаамы журттун катышуусунда жакшынакай майрамдык маанайда өтүшү керек” деген изги тилек бар. Андыктан стадиондун ачылышы баарыңыздардын катышууңуздар менен өзүнчө чоң салтанат, өзүнчө шаң менен болот. Демек, өлкө сыймыгы боло турчу имарат жумурай журттун бата-тилеги менен ачылганы туура деп эсептейбиз”, – деп жазды Аскат Алагөзов.

Президенттин маалымат катчысы 6-июлда жазган постунда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына 21 мамлекеттин жетекчилери келерин, ошондуктан Бишкекте үч күн жол жабылып турарын маалымдап, Бишкек шаарынын тургундарын “ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турууга” чакырган. Алагөзов быйыл мектеп жана университеттер 15-сентябрдан тарта башталарын айтып, эс алуу күндөрүн азыртадан тарта пландоону өтүндү.

Кыргыз өкмөтү 2026–2027-окуу жылын жалпы билим берүү уюмдарында 15-сентябрда баштап, 2027-жылдын 25-майында аяктоону пландап 27-июнда Агартуу министрлигинин билдирүүсүнөн кийин белгилүү болгон. Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саммитинин жана өлкө эгемендигинин 35 жылдыгын өткөрүүгө байланыштуу сунушталган.

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG