Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын аба кемеси менен болгон окуяга байланыштуу кырдаалды туруктуу көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу аталган мекеме социалдык тармактардагы баракчасында кабарлады.
“Буга чейин кабыл алынган TezJet авиакомпаниясынын каттамдарын убактылуу токтотуу жөнүндө чечим бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктап, окуянын бардык жагдайлары такталганга чейин күчүндө калат. Учуу коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү максатында агенттик Кыргызстандын башка авиакомпанияларында да кошумча инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзөт. Текшерүүлөр учуу коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышын, аба кемелеринин техникалык пайдаланылышын жана белгиленген авиациялык эрежелердин аткарылышын баалоого багытталат. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын жана аба кыймылынын коопсуздугу өзгөрүлгүс артыкчылык экенин белгилейт. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат берилет”, – деп айтылат маалыматта.
TezJet жеке менчик ишканасынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы 7-июль түштөн кийин кырсыкка кабылган. Учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулаган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган.
Кырсыкка кабылган учактан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Жүргүнчүлөрдүн кээлери жеңил жаракат алышкан, олуттуу жабыркагандар болгон жок.
Жарандык авиация кызматы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Кырсыктаган учак ошо күнү түнү менен учуп-конуу тилкесинен алынып, аба каттамдары 8-июлда жанданды. Мекеме аталган компаниянын учактарынын баарын убактылуу токтоткон.
9-июлда эртең менен Раззаков шаарына учуп барган "Асман Эйрлайнс" (Asman Airlines) аба компаниясынын учагы техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкек шаарына кайтууга аргасыз болгон. “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик компаниясы борт учуп-конуу тилкесине кадимкидей конгонун, мүчүлүштүктөргө байланыштуу андан ары учакты сүйрөгүч сүйрөп, токтотмо жайга жеткиргенин, ошол себептүү борборго кайра учуп келгенин тактаган.
"Асман Эйрлайнс" компаниясы өз учагы кабылган окуя жөнүндө расмий түшүндүрмө берип, аны штаттык техникалык кырдаал катары чечмелеген. Компания мүчүлүштүктүн өзүн “техникалык индикация” (жабдуулар панели кайсы бир нерселер иштебей калганы жөнүндө берген эскертүү сигналы) деп атаган.
Кыргызстанда жалпы 21 авиакомпания катталган. Алардын ичинен TezJet, Asman Airlines, Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Sky Fru, Air KG, Aerostan компанияларынын лицензиялары күчүндө, калгандарынын лицензиялары жокко чыгарылган же убактылуу токтотулган. (ErN)
Шерине