Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы ырастады.
Жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учак канаты сынып, жерге жатып калган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылды.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. "Манас" эл аралык аэропортунан аба каттамдары убактылуу токтотулду.
Айрым маалыматтарда учак Бишкектен Ошко учуп баратканы айтылса, кээ бир кабарларда Манастан Бишкекке учуп келгени белгиленет.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан эл ташый баштаган. Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. Жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.
Компаниянын McDonnell Douglas-83, АвроЖет–85 үлгүсүндөгү үч учагы бар. Аларды баары 1996-97-жылдары жасалган. Учактарынын бири 1-апрелде Софияга учуп кеткен бойдон келе элек. Авиапорталдар ал жакта сакталууда экенин жазышкан.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, TezJet жеке компаниясы 2023-жылдын октябрында АККА Группасына сатылып, аны индиялык ишкер Арун Кумар Сингх жетектейт. Ага чейин кыргызстандык Алик Аскаров башкарган. TezJet - кыргыз футбол курама кондасынын расмий өнөктөшү катары оюнчуларды Кыргызстан ичинде ташыйт. (ErN)
Шерине