3-августта Жогорку сот социалдык тармактарда жазган пикири үчүн соттолгон Каныкей Аранованын ишин карады. Маалымат боюнча, абакта жаткан Каныкей Аранова жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо өтүнүчүн берген. Соттук коллегия арызды канааттандыруудан баш тартты.
Каныкей Аранованын эжеси Ырыскүл Аранова сотко сиңдисинин кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча арыз каралат деп келгенин, бирок жаңы жагдайларга байланыштуу соттук отурум болгонун айтты. Ал жаңы ачылган жагдайлар боюнча арыз Жогорку сотко эми даярдалып жатканын, сиңдиси арыз берген-бербегенин тактоо керектигин билдирди. Бул жолку сотко Каныкей Аранованын мамлекеттик адвокаты келген жок.
Жогорку сот Каныкей Аранованын кылмыш ишти жаңы ачылган жайгдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арызы четке кагылганын ырастады.
Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Каныкей Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын апрель айынын аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
2024-жылы 28-июнда Бишкек шаардык соту Каныкей Аранованы 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылган. Ошол эле жылдын 21-августунда Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырган.
2025-жылдын январь айында Биринчи май райондук соту айыпталуучунун кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчүн четке каккан.
Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 2024-жылы 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган.
Эжеси Ырысгүл Аранова сиңдиси анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын “Азаттыкка” билдирген.
Каныкей Арановага 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган. (ST)
Шерине