Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Орусияда дрон соккусунан он киши жабыркады, Wildberries'тин кампасы өрттөнүүдө

Орусия, Владимир облусу. Wildberries компаниясынын кампасы өрттөнүүдө. 2026-жылдын 3-августу.
Орусия, Владимир облусу. Wildberries компаниясынын кампасы өрттөнүүдө. 2026-жылдын 3-августу.

4-августка караган түнү Москва жана Ленинград облустары Украинанын дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Москванын губернатору Андрей Воробьевдун айтымында, Чехов муниципалдык округундагы Новоселок өндүрүш аймагында 10 киши жабыркады. Жетөөнүн абалын дарыгерлер орточо, дагы бир кишиникин оор деп мүнөздөп жатышат.

Андан мурдараак аталган аймакта кеминде беш киши каза болгону, дагы алтоо жараат алганы, кампада өрт чыкканы кабарланган болчу.

Электр көмөк чордону, административдик имарат жана жеке турак жай зыянга учурады.

Чехов шаарында бутага Wildberries компаниясынын кампасы алынганын Astra басылмасы күбөлөргө таянып жазды. Ушундай эле маалыматты украиналык Exilenova+ Telegram каналы да жарыялады.

Ленинград облусунда да, губернатор Александр Дрозденко билдиргендей, кампа аймагына зыян келтирилди, бир адам жабыркады.

Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы маркетплейстин Красный Бордогу логистикалык объектине чабуул жасалганын маалымдап, анда өрт чыкканын билдирди.

Компаниянын өкүлдөрү жабыркагандар жок экенин айтып, объекттеги кызматкерлер алдын ала эвакуацияланганын белгилешти.

Telegram каналдарында Красный Бордогу күйүп жаткан Wildberries кампасынын видеолору жарыяланды.


Шерине

XS
SM
MD
LG