Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Кыргызстанда бензиндин 1,5 айга жете турган кору бар экени айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын кору 1,5 айга жетет. Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирлигинин башчысы Канат Эшатов "Азаттыкка" билдирди.

Мурдараак Reuters агенттиги Орусия август айында Кыргызстанга дизелдин экспортун кескин көбөйткөнүн жазган. Басылманын маалыматына ылайык, июлда 4400 тонна ташылып келинсе, августта 72 миң тоннага өскөн. Бул Орусиядан экспорт 16 эсеге көбөйдү дегенди билдирет.

Эшатов бул маалыматты ырастап, болжол менен ташылып келинген көрсөткүч ушунча болорун кошумчалады.

Августтун башында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдө дизел тартыштыгын болтурбоо үчүн Азербайжан, Түркмөнстан, Ирандан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр улантылып жатканын кошумчалаган жана Орусия менен түзүлгөн келишим боюнча маалымат берген.

Ал Орусия айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу майды берүүгө макул болгонун, бул эки президенттин сүйлөшүүсү экенин жана келишим түзүлгөнүн белгилеген.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Мындан улам Орусиянын өзүндө кризис пайда болуп, Кремль Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксат берди. Орус Энергетика министрлиги бул чара убактылуу экенин жана күйүүчү май рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG