Ормуз кысыгындагы өзгөрүүлөр
Перс булуңунан дүйнөлүк рынокко мунай ташуу көлөмү согушка чейинки деңгээлге жакындап калды. Бирок акыркы маалыматтар мунайдын көп бөлүгү мурда колдонулбаган жаңы маршруттар жана ташуу схемалары аркылуу жеткирилип жатканын көрсөтүүдө. Ушундан улам Ирандын Ормуз кысыгындагы таасири алсырап жатабы деген суроо жаралууда.
Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматына караганда, 1-сентябрдан 28-сентябрга чейин Перс булуңу аймагынан күнүнө кеминде 16,5 млн баррель мунай экспорттолгон. Иран эсепке алынбаганда, бул көрсөткүч согушка чейинки орточо деңгээлге барабар.
Бирок мунай экспортунун көбөйүшүнө карабастан, мунай иштетүүчү заводдордун кубаттуулугу жетишсиз болгондуктан дизелдик күйүүчү майдын баасы дүйнө жүзүндө кымбат бойдон калууда. Европа Биримдигинин 1-октябрда жарыяланган маалыматтары боюнча, дизелдин баасы рекорддук деңгээлге жеткен. Мунай экспорту жандангандан кийин дагы АКШда күйүүчү майдын баасы жогору бойдон калууда.
Ошол эле маалда мунай ташылган маршруттар кескин өзгөрдү.
Согушка чейин аймактан чыккан мунайдын 83% Ормуз кысыгы аркылуу өтчү. Сентябрда бул көрсөткүч 60% чейин төмөндөдү, ал эми калган 40% мунай Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары аркылуу өткөн куурлар жана башка альтернативдүү жолдор менен ташылды. Ормуз кысыгы аркылуу күнүнө болжол менен 9,9 млн баррель мунай өткөн.
Kpler компаниясынын маалыматына караганда, август айында Ормуз кысыгы аркылуу өткөн мунайдын 70% ашыгы Оман булуңунун жээкке жакын сууларында бир кемеден экинчи кемеге кайра жүктөлгөн. Бул мунай ташуу система мурдагы кадимки тартиптен кыйла өзгөргөнүн айгинелейт.
Адистердин пикиринде, бул жагдай Ирандын деңиз жолуна тоскоолдук жаратуу мүмкүнчүлүгү кыйла азайганын билдирет.
Жорж Вашингтон университетинин окутуучусу Мохаммад Гаеди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун «Фарда» кызматына азыркы ташуу көлөмү Тегеран үчүн азыртан эле «өтө көп» жана Иран бийлиги үчүн «кабыл алынгыс» экенин айтты.
Бирок бул маалыматтар Иран Ормуз кысыгын толугу менен көзөмөлдөн чыгарып жиберди дегенди билдирбейт. Анткени Тегеран бул кысыкты расмий түрдө эч качан башкарган эмес. Анын негизги таасири кемелер өтүүчү жолду кооптуу аймакка айлантып, ташуучу компанияларды тобокелчилик менен чыгымды эсептөөгө мажбур кылууда болгон.
Азыр бул мүмкүнчүлүк да алсырап бараткандай көрүнөт. Себеби АКШнын аскер күчтөрү соода кемелерин коштоп коргоп жатат, ал эми мунай өндүрүүчүлөр Ормуз кысыгынан көз карандылыгын азайткан жаңы логистикалык схемаларды түзүп алышты.
Энергетика базарларын изилдеген аналитик Эллен Уолддун айтымында, Ирандын «Перс булуңундагы кемелерге сокку урууга мүмкүнчүлүгү же каалоосу төмөндөп жатат». Бул болсо кемелердин АКШнын аскердик коргоосунун алдында эркин өтүшүнө шарт түзүүдө.
Ошол эле учурда эксперттер кырдаалды кадимки абалга кайтуу катары баалабоого чакырышат.
Айрым компаниялардын мунайды Ормуз кысыгы аркылуу ташып чыгып, булуңдун сыртында күтүп турган ири танкерлерге жеткирүүсү олуттуу коркунуч. Башкалары камсыздандыруусуз же өтө оор шартта иштөөгө аргасыз.
«Бул кадимки абалга кайтуу эмес. Мындай ташуулар чоң тобокелчилик жана көптөгөн чыгым менен коштолот», - деди Уолд.
Анын пикиринде, дал ушул себептен мунай агымы көбөйгөнүнө карабастан баалар сезилерлик төмөндөбөй жатат.
Согуштун "үстөк баасы"
Мунай экспортунун калыбына келиши дүйнөлүк рыноктогу тартыштыкты бир аз жеңилдеткени менен эксперттер баа жакын арада согушка чейинки деңгээлге түшөт деп күтүшпөйт.
Кемелерге коркунучтун сакталышы, камсыздандыруу чыгымдарынын кымбаттыгы жана АКШнын аскердик коргоосунан көз карандылык мунайдын баасында дагы эле «согуш үстөгүн» сактап турат.
Kpler'дин акыркы маалыматтары дагы мунай экспорту калыбына келди дегенди Перс булуңундагы мурдагы соода системасы толук турукташты деп түшүнүүгө болбой турганын көрсөтөт.
Согушка чейин аймактагы дээрлик бардык экспорт Ормуз кысыгынан көз каранды болчу. Ал эми азыр Кызыл деңиз аркылуу өткөн жолдор, куурлар жана деңизде бир танкерден экинчисине жүктөө схемалары өндүрүүчүлөргө бул тоскоолдукту айланып өтүүгө жардам берүүдө. Факты жүзүндө аймактын экспорттук системасы жаңы шарттарга ылайык кайрадан түзүлүүдө.
Эксперттер белгилегендей, Ормуз кысыгы аркылуу өтпөгөн мунайдын көлөмү көбөйгөн сайын Тегерандын бул аймакты басым көрсөтүү куралы катары колдонуу мүмкүнчүлүгү азаят. Бирок, ошол эле маалда, мунай ташууну камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан өзгөчө чаралар Ормуздун стратегиялык мааниси дале жоголбогонун көрсөтүп турат.
Гаеди Тегерандан айтылган мунай объектилерине сокку уруу аркылуу жаңжалды күчөтүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүүлөргө карабастан Иран аймактагы энергетикалык инфраструктурага кол салат деп эсептебей турганын айтты. Анын пикиринде, Иран Ормуз кысыгындагы көзөмөлүн жоготту деп көрсөткөн маалыматтардын өзү Тегеранды ушундай кадамга барууга түртүшү мүмкүн.
Азырынча маалыматтар Ирандын таасири толугу менен жоголгонун эмес, акырындап алсырап жатканын көрсөтүүдө. Ошол себептүү кемелер дагы эле аскердик коштоого муктаж болуп, мунай кымбат альтернативдүү маршруттар аркылуу ташылып турган чакта Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык коопсуздук үчүн маанилүү жана аялуу бекет бойдон калууда.
Макаланын англис тилиндеги түп нускасы бул жерде, автору Kian Sharifi
Шерине