Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Иран АКШга Ормуз кысыгын ачуу планын сунуштаганы, Трамп аны четке какканы маалымдалды

Аббас Аракчи
Аббас Аракчи

Иран Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү үчүн АКШга жети күн ок атышпоо планын сунуштады. Бир нече сааттан кийин The Wall Street Journal басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамп бул сунушту четке кагып, аскердик өнөктүктү кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбаганын жазып чыкты.

Би-би-синин жазганына караганда, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУда журналисттерге Тегеран тынчтык планын Катар аркылуу бергенин билдирген. Анын айтымында, бул Ормуз кысыгын ачууга жана аймактагы согуштук аракеттерди токтотууга чейинки жети күндүк макулдашуу болушу керек эле.

"Эгерде америкалык тарапта макулдашууга жетишүү жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча олуттуу ниет болсо, анда азыр буга бардык шарттар түзүлгөн", — деп билдирди Аракчи.

Ошол эле учурда The Wall Street Journal басылмасы АКШнын аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, Трамп Ирандын сунушун четке кагып, кеңешчилерине ноябрда өтө турган Конгресске шайлоодон кийин бомбалоо кайра уланат деп күтүп жатканын айтканын билдирди.

АКШнын президенти Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына Ормуз кысыгынын картасын жарыялап, анда кысыкты тегеректеп, "Трамп кысыгы" деп атаган.

Америкалык чиновник мурдараак Reuters агенттигине АКШ менен Иран “ортомчулар аркылуу позитивдүү жана конструктивдүү сүйлөшүү өткөрүп” жатканын билдирген эле.

The Wall Street Journal Трамп Иран анын талаптарын аткарарынан күмөн санап жатканын жазган.

АКШ менен Израилдин быйыл 28-февралда Иранга каршы баштаган согушу негизинен Иран менен Ливанда миңдеген адамдардын өмүрүн алды. Буга жооп катары Тегеран Израилге жана Перс булуңундагы АКШнын союздаштарына чабуул жасады.

АКШ менен Израил Ислам жумуриятына каршы чабуул баштаганда себептердин бири катары Тегерандын атомдук курал иштеп чыгуусуна жол бербөө аракетин атаган.

Иран жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин, бирок тынч максаттагы өзөктүк программасын чектөөгө эч качан жол бербесин белгилөөдө.

Июнда бир нече өлкө кирген арачылар тобунун көмөгү менен Вашингтон жана Тегеран ортосунда атышууну 60 күнгө токтотуу макулдашуусу кабыл алынган. Бул мөөнөттүн аягына чейин тынчтык келишими түзүлөт деген шарт айтылганы менен тараптар мунасага келе албай, соккулар уланган.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG