Бишкектеги Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт чыкканы тууралуу кабар 26-сентябрда эртең менен түшүп, аны өчүрүүгө жети бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 09:22де чектөөгө алынып, саат 10:39да толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түздү.
Кырсыктын чыгуу себептери жана келтирилген материалдык зыяндын көлөмү аныкталууда. Жабыркагандар бар-жогу тууралуу маалымат берилген жок. (КЕ)
Шерине