Польша өз аймагында туруктуу америкалык аскер базасын жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында АКШга өзгөчө шарттарды сунуштоодо. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна өлкөнүн коргоо министринин орун басары Павел Залевский билдирди.
Анын айтымында, Варшава америкалык аскерлер үчүн зарыл болгон инфраструктуранын бардык чыгымдарын көтөрүүгө жана Польшада жайгашкан ар бир АКШ жоокери үчүн жылына 15 миң доллардан төлөөгө даяр.
Залевский учурда Польша менен АКШнын Коргоо министрлиги келечектеги базанын форматы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Тараптар кайсы аскер бөлүктөрү жайгаштырыла турганын, кандай мүмкүнчүлүктөр караларын жана базанын орду кайсы жерде болорун талкуулоодо.
АКШ президенти Дональд Трамп 17-сентябрда Польшада америкалык аскер базасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин жана анын жайгашкан жери жакын арада жарыяланышы мүмкүн экенин билдирген.
Учурда Польшада миңдеген америкалык аскер ротациялык негизде кызмат өтөөдө. Өлкө НАТОнун чыгыш канатындагы негизги логистикалык борборлордун бири.
Павел Залевскийдин айтымында, туруктуу база Польшанын коопсуздугун чыңдап гана тим болбостон, Орусияга да ачык белги болмок.
«Туруктуу база туруктуу милдеттенмени билдирет. Польшага кол салуу АКШнын куралдуу күчтөрүнө кол салуу катары кабыл алынарын көрсөтөт», - деди ал.
Акыркы жылдары Польша коргонуу чыгымдарын кыйла көбөйтүп, америкалык курал-жаракты сатып алууга жана АКШ менен энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө ири каражат жумшоодо.
Саясат таануучулардын пикиринде, АКШнын Польшадагы туруктуу базасы НАТОнун чыгыш чек арасындагы коопсуздукту күчөтөт. Бирок анын таасири Вашингтондун Европанын башка өлкөлөрүндөгү аскердик кызматташтыгына жараша да болору белгиленүүдө.
Шерине