Microsoft корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс жасалма интеллекттин (ЖИ) көзөмөлсүз өнүгүшү адамзат үчүн олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн билдирди.
25-сентябрда NBC News телеканалына курган маегинде ал ЖИ көптөгөн адамдын өлүмүнө алып келиши ыктымал окуяларга түрткү бере аларын айтканын Deutsche Welle жазды.
«Жасалма интеллект миллиард адамдын өмүрүн алган окуяларга себеп боло тургандай күчкө ээ экени талашсыз. Ниети жаман адамдар заманбап жасалма интеллектти колдоно алгыдай мүмкүнчүлүктүн деңгээлиндеги күчтүү курал буга чейин болгон эмес», - деди Гейтс.
Ошол эле маалда ал бүткүл адамзатты жок кылуу "өтө татаал" экенин белгилеген.
70 жаштагы ишкер жасалма интеллект тармагын мыйзамдык жөнгө салууну күчөтүүгө чакырып, бул жаатта коопсуздук талаптарын жана көзөмөл механизмдерин киргизүү зарыл экенин айтты.
«Өзүн өзү көзөмөлдөөгө калтыруу жетиштүү болот деп эч ким ишенбейт», - деди ал.
Гейтстин билдирүүсү акыркы айларда жасалма интеллектке байланышкан коопсуздук маселелери көбөйгөн учурга туш келди. 23-сентябрда Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе OpenAI компаниясынын жасалма интеллект агенти өкмөттүк сайттардын бириндеги жабык маалыматтарга кире алганын билдирген.
Июль айынын аягында Anthropic компаниясы да өзүнүн жасалма интеллект моделдери киберкоопсуздук боюнча сыноо маалында башка үч компаниянын коргонуу тутумдарына кире алганын моюнга алган.
Мындан тышкары, OpenAI компаниясынын GPT-5.6 Sol негизиндеги агенти жана дагы бир жарыялана элек модели сыноо учурунда изоляцияланган чөйрөдөн чыгып кетип, Hugging Face платформасынын өндүрүштүк инфраструктурасынын бир бөлүгүнө жеткени кабарланган.
Буга чейин OpenAI жана Anthropic баш болгон бир катар компаниялар да жасалма интеллектти иштеп чыгуунун темпин жайлатуу жана көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтып келишкен.
Шерине