Сокулуктун Күн-Туу айылында 15 жаштагы Азизанын жакындары ушул күнү анын арбагына багыштап куран окутуп жатышат. Туугандары өз жанына эмнеге кол салганын алигүнчө түшүнө албай турат.
4-сентябрда түнү анын сөөгү өз үйүндөгү сарайда асынган абалда табылган. Атасы бул окуяны эскерип, сүйлөп берүүдөн баш тартты.
Азиза ошол эле айылдагы мектепте 9-класста окучу. Мугалимдери анын кайгылуу тагдырына ишенбей, жакшы окуучу болгон деп эскерип жатышат.
“4-сентябрь күнү эртең менен окуу-тарбия иштери боюнча уюштуруучудан ошондой окуя болду деп уктум. Жаркылдаган сонун кыз болчу. Окуусун жакшы окучу. Балдар-кыздар менен урушканын же мугалимдерге каяша сүйлөгөнүн такыр көргөн эмесмин. Өтө кичи пейил, жароокер кыз болчу, “эже” деп дайыма жанымдан кетчү эмес. Сабактарын аткарчу, себепсиз окууну да калтырчу эмес. 8-класста өзүн жакшы окуучу катары көрсөткөн, мен аны жакшы көрчүмүн”, - деди Азизанын класс жетекчиси Токтайым Алышүкүрова.
Бул Күн-Туу айылындагы жалгыз окуя эмес. 10-сентябрда Азизанын кошунасы 16 жаштагы Айбийке дайынсыз жоголуп, милиция кызматкерлери менен жергиликтүүлөр анын сөөгүн сегиз күндөн кийин табышкан.
Бул тууралуу Күн-Туу айыл аймагынын башчысынын орун басары Гүлнур Султанова маалымат берди:
“Жаныбыздагы Шалта айылындагы таш жолдун боюнан асынган абалда табылды. Бул кыз 9-классты бүтүп, шаардагы №99 кесиптик лицейде окучу экен. Үч бир тууган. Ата-энеси он жыл мурда ажырашып кеткен. Ал таенеси, апасы жана таякеси менен чогуу жашап жүргөн. Азыр бул үй-бүлөгө да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”.
Жергиликтүү бийлик эки кыздын тең өлүмү боюнча экспертиза жүрүп, денесинен зомбулук же башка күмөн белгилер аныкталган эмес деп жатат.
Анын алдында Айбийкенин коңшу айылдагы бөлөсү өз жанын кыйганы тууралуу маалымат тарады.
Удаа катталган окуялар боюнча маселе парламентте да көтөрүлдү. Депутат Эдита Тайгараева мектептерди психолог менен толук камсыздоо зарылдыгын айтты:
“Сокулук районунда акыркы айда эле үч бала суицидге кабылды. Муну өтө коркунучтуу маселе катары карашыбыз керек. Тез аранын ичинде артыкчылыктуу маселе катары карап, мектептердеги психологдордун санын көбөйтүшүбүз керек. Алар менен кошо имамдардын катышуусунда балдар үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштайм”.
Окуучулардын өлүмү менен аяктаган каргашалуу окуя ушул айда Жалал-Абад облусунда да эки ирет катталды.
Чаткал районунда 9-класстын окуучусун чоң класстын балдары сабап, ошол жерде каза болгонун жакындары айтып чыгышкан.
Сузак районунда 11-класстын окуучусу да ур-токмоктон каза болгону айтылып, милиция эки окуяны тең териштирип жатканын билдирген.
Өткөн жылы февралда удаасынан катталган өспүрүмдөрдүн өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурган. Алты окуучунун өлүмү суицид катары тергелип, дагы үч өлүмгө теңтуштарынын зомбулугу себеп болгону маалымдалган эле.
Шерине