Жеңишбековдун ата-энеси уулуна карата мындай мамилеге нааразы болуп, Орусияда аскер сотуна кайрылган. 1,5 жыл соттошуп, бирок чечим анын пайдасына чыккан эмес. Согуш жүрүп жаткан Луганскидеги уулунан кабарсыз калган үй-бүлө кыргыз бийлигинен жардам суроодо. Акыркы жолу ал жакындары менен байланышка 8-сентябрда чыккан.
"Документке коюлган кол Эмилдики эмес экени аныкталган"
Эмил Жеңишбековдун окуясы ал орус жараны катары аскерге чакырылган убактан башталат. 2025-жылдын 9-апрелинде Красноярск шаарынан аскерге чакырылган жигит Хакасиядагы Абакан аскердик бөлүгүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлөт. 11 айдан кийин Эмил кайра үйүнө кайтмак.
"30 жашка чейинкилер Орусиядан чыга албай турган мыйзамдан улам өлкөдөн кете алган эмес. Ар жерден токтотуп, аскердик каттоого турууну жана аскерге барууну талап кыла беришкен. Ошентип, Красноярсктан Абакандагы аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн. Ал «срочник» катары кызмат өтөп, бир жылдан кийин үйүнө кайтмак. Үч күндөн кийин командири чакырып, айдоочулук күбөлүгү барларды сурайт. Төрт бала кол көтөргөндө, «Силерде В категориясы бар экен, С категориясын алып, ушул бөлүктө иштеп бере аласыңарбы?» деп сурайт. Баары макул болушат. Анан рапорт жазууну сунуштайт. Колуна эч кандай жазуусу жок ак кагаз беришкен. Алар С категориясын алуу үчүн аты-жөнүн жазып чыгып кетишет. Сыртка чыкканда мурда кызмат өтөгөндөр «силерди "контрактник" кылып коюшпасын» деп эскертишет. Алар эртеси эле кирип барып, келишимди жокко чыгарууну суранышат. Ошондо командири Андрей Андреевич Шпилов: «Макул, келишим жокко чыкты, бир жылдан кийин кетесиңер», деген", - деп айтып берди Жеңишбековдун атасынын бир тууган карындашы Зуура Оморова.
Арадан бир ай өткөндөн кийин Эмилге башка командири ал келишимдин негизинде армияда каларын айткан. Бир жылдык мөөнөткө гана чакырылган аскер мындай келишимге кол койбогонун айтып, ата-энесине кабарлаган. Бирок ата-энесин уулу менен жолуктурбай, анын ордуна келишимдин көчүрмөсүн көрсөтүшкөн. Жакындары документтеги кол Эмилге таандык эмес экенин айтып, сотко кайрылышкан.
"Документти дароо экспертизага беришкен. Жыйынтыгында кол Эмилдики эмес экени аныкталган. Бирок сот мамлекеттик экспертиза дайындоого макул болгон эмес. Менчик экспертиза үч жолу жүргүзүлүп, ар биринде «кол Эмил Жеңишбековдуку эмес» деген корутунду чыккан. Ошого карабастан, сотто аскердик бөлүк күбөлөрдү алып келип, алар «Эмил жазып жатканын өз көзүбүз менен көргөнбүз» деп көрсөтмө беришкен. Натыйжада сот алардын пайдасына чечим чыгарган", - деди Оморова.
Абакан гарнизондук аскер соту 2025-жылдын 17-июлунда Эмил Жеңишбековдун контракты мыйзамга ылайык түзүлгөн деген чечим чыгарган. Сот экспертизанын зарылдыгы жок деп таап, чечимди аскердик бөлүктүн кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө таянып кабыл алган. Үй-бүлө бир жылдан ашык соттошкон, бирок кийинки инстанциялар алгачкы чечимди күчүндө калтыра берген. Кассациялык сот да мыйзам бузуу болгон эмес деп тапкан. Быйыл 1-июнда Орусиянын Жогорку соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
"Ошондон бери кабар жок"
Эжеси Зуура Оморованын айтымында, соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда Жеңишбековду улам бир аскердик бөлүктөргө которуп турушкан.
"Ата-энеси соттошо баштаганда аны Екатеринбургга жөнөтүштү. "Срочник" бир жыл гана кызмат өтөйт да. 11 ай аны жылдыра алышкан жок, ошол жерде жүрдү. 2025-жылдын апрелинен бери соттошуп келишти. Адвокат жалдап, ар жакка кайрылып жүрүштү. Жеңемди карап бир күйөм, агамды карап бир күйөм. Колубуздан эч нерсе келбей жатат. Намаз окуп, Алладан сурайбыз. Орусияда мыйзам жок экен. 8-сентябрга караган түнү эки кароолчу келип, белгисиз жакка алып кетишиптир. Ата-энесине шашылыш чалып, “Кемерово облусуна кетип жатабыз, ата” дептир. Кийин дагы чалып, “Ростовго учуп жатабыз” деген. Андан соң Луганск облусуна бара жатканын айткан. “Ата, мени түрмөдө отургандарга, наркомандарга кошуп коюшту” дептир. Көрсө, акыркы беш айда ага “увольнение беребиз” деп айтып жүрүп, ошол эле учурда согушка жөнөтүүчү документтерди даярдашыптыр. “Кызматын жакшы өтөгөн жок, баш ийбейт, контрактка кол коюп алып кайра соттошуп жатат” деген мүнөздөмөлөрдү да жазышыптыр. Мунун баарын ата-энеси билбей калган. Ошондон бери кабар жок".
Ал арада Эмил менен кошо айдоочулук категориясын алуу үчүн рапорт жазган үч орусиялык аскер кызмат мөөнөтүн өтөп, үйүнө кайтып кеткен. Алардын келишими жокко чыгарылган. Ал эми Эмилди бошотушкан эмес.
Ошондон кийин ата-энеси социалдык тармактарга уулунун кайрылууларын жарыялай баштаган. Анда Эмил Жеңишбеков мындай деген:
"2026-жылдын 8-апрелинде менин аскердик кызмат өтөө мөөнөтүм бүттү. Мени кызматтан бошотуу үчүн рапорт жазууну сунушташты. 12-майда аттестациялык комиссия карап, мени 1,5 айдын ичинде бошоторун убада кылышкан. Бирок андан бери үч ай өттү. Лейтенант Прямоковдун айтымында, Борбордук аскердик округдун генерал-майору Кудряшкин Алексей Викторович мени кызматтан бошотуу боюнча документке кол коюудан баш тартыптыр. Ал жасалма аскердик келишим менен кызмат өтөө мен үчүн сыймык болушу керектигин айтыптыр. Мен бошотулушумду талап кылам. Аскердик кызматымды өтөп бүткөм. Эгер мен дайынсыз жоголуп кетсем, буга Абакандагы 98-552 аскердик бөлүгүнүн жетекчилиги жана Борбордук аскердик округдун генералдары жооптуу болот".
“Эмил апасын дарылатуу үчүн иштеп жүргөн”
Эмил Жеңишбеков үй-бүлөнүн жалгыз уулу. Анын ата-энеси 20 жыл мурда Орусиянын Красноярск шаарына көчүп барышкан. Эмилдин апасынын оор дартына байланыштуу Кыргызстандан чыгып кетүүгө туура келип, үзгүлтүксүз дарыланып туруу үчүн Орусияны тандашкан. Ошондон бери атасы ашпозчу болуп иштеп келет. Ал эми Эмил Кыргызстандан 11-классты аяктагандан кийин Красноярскиге барып, ар кандай жумуштарда иштеп, апасын дарылоого жардам берип жүргөн.
Бирок апасынын дартына байланышкан түйшүккө дагы бир сыноо кошулду. Учурда Эмилдин өзүнөн кабар жок.
Коопсуздук себептеринен улам ата-энеси «Азаттыкка» маек кура алган жок. Зуура Оморованын айтымында, алардын баарында орус жарандыгы менен катар кыргыз паспорту да бар жана андан расмий баш тартышкан эмес.
Үй-бүлөнүн атынан «Азаттыкка» маек курган Эмил Жеңишбековдун эжеси Зуура Оморова кыргыз бийлигинен жардам сурап кайрылды.
«Алардын үйүнө кайра-кайра барып текшерип жатышат. Эмилге өлгөн адамдай мамиле кылып жатышат. Журналисттерге маек берип, адвокат жалдаган сайын ата-энесине да басым жасап, үйүнө чейин барып жатышат. Ошондуктан алар ачык сүйлөй албай жатат. Бул жакка учуп келейин дешсе, ал жакта баласы дайынсыз. Колу-буту жипсиз байланган. Кыргыз элимден суранат элем, дуба кылып коюңуздарчы. Урматтуу Садыр Нургожоевичке кайрылам. Энесинин абалы оор. Ошол энеси үчүн жардам берип коюшуңузду өтүнүп сурайбыз. Жеңем менен агамдын атынан да суранам. Эгер ал чындап эле кол коюп, жалган айткан болсо, жеңем өзү эле “барып кызмат өтөп кел” демек. Мыйзам иштебей жатат, адамды койдой көрүп жатышат. Ошондуктан президентибизден жардам сурайбыз. Ушул видеону көрүп, энеси үчүн көмөк көрсөтүп коюшуңузду өтүнүп суранабыз».
Учурда үй-бүлө адвокат менен бирге Орусиянын Башкы прокуратурасына кайрылып, жооп күтүп жатат. Алар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, консулдуктарына жана өкүлчүлүктөрүнө да кайрылышканын, бирок жардам ала албаганын айтышты.
«Азаттык» Москвадагы элчиликтен комментарий сураганда алар Тышкы иштер министрлигине кайрылууну сунуштаган. Министрлик материал жарыяланып жаткан учурда жооп бере элек болчу.
Украинанын мамлекеттик «Жашагым келет» долбоорунун маалыматына караганда, Орусия Украинага каршы согуш баштагандан берки төрт жылдан ашуун убакытта 13 миңге жакын Борбор Азия жараны орус армиясы менен келишим түзгөн. Дагы 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган. Алардын арасында 1500дөй кыргызстандык бар экени айтылган.
Шерине