Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

ЕБ Украинага аскердик жардам үчүн 6,6 млрд евро бөлүүнү макулдашты

Кая Каллас
Кая Каллас

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Украинага 6,6 миллиард евро бөлүүнүн шарттарын макулдашты. Каражат Европа тынчтык фондунан бөлүнөрүн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас билдирди.

«Украина үчүн жакшы, Орусия үчүн жаман жаңылык», - деп жазды ал.

Бул сумманын 900 миллион евросу Евробиримдиктин Украинага аскердик жардам көрсөтүү миссиясына багытталат. Дагы 1 миллиард евро аскердик техникаларды сатып алууга жумшалат. Калган каражат Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө Киевге буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн чыгымдарды компенсациялоого бөлүнөт. Калластын айтымында, айрым мамлекеттер өздөрүнө кайтарылган каражатты кайрадан Украинага жөнөтөрүн буга чейин эле билдиришкен.

Бул каражат Венгриянын каршылыгынан улам эки жылдан бери тоңдурулуп турган. 2024-жылдан тартып ошол кездеги премьер-министр Виктор Орбандын өкмөтү согуштун мындан ары күчөп кетүү коркунучун жүйө кылып, чечимди бөгөттөп келген.

Венгрияда өкмөт алмашкандан кийин жаңы премьер-министр Петер Мадьяр ветону алып салууга макул болду.

Өз кезегинде Будапешт Брюсселден Венгрияга таандык 16 миллиард евродон ашуун каражаттын бөгөтүн алуу чечими кабыл алынат деп күтүүдө. Бул каражаттар Евробиримдиктин мыйзам үстөмдүгүнө байланыштуу тынчсызданууларынан улам тоңдурулган болчу.

Европа тынчтык фонду 2021-жылы Евробиримдиктин жалпы бюджетинен тышкары түзүлгөн. Ал Евробиримдиктин өнөктөш өлкөлөрүнө аскердик жардам көрсөтүүнү каржылоого мүмкүнчүлүк берген механизм болуп саналат. Орусия Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш баштагандан кийин фонд Киевге курал-жарак жана башка аскердик жардамдарды жеткирүүнү каржылоочу негизги механизмдердин бирине айланган.

Орусия Украинага көрсөтүлүп жаткан аскердик жардамды сынга алып, мындай колдоо согуштук аракеттерди узартарын жана Москванын алдына койгон максаттарына жетүүсүнө тоскоол болбой турганын билдирип келет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG