Орусия 25-сентябрда Киевдеги соода борборуна сокку уруп, төрт киши каза болду. Мэр Виталий Кличко билдиргендей, Соломенка районундагы кеңселердин унаа токтотуучу жайына сокку урулган.
Чабуулдун кесепетинен автомашиналар жана имарат күйдү. Жети киши жараат алганы кабарланууда. Украиналык маалымат каражаттары сокку “Инком” соода борборуна урулганын жазышты.
25-сентябрга караган түнү Орусия Украинага жалпысынан 295 учкучсуз учуучу аппарат менен абадан сокку урганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирген.
Чабуул Shahed үлгүсүндөгү сокку уруучу дрондор, «Гербера», «Бандероль»/«Дань-Т» жана «Пародия» тибиндеги жалган бута катары колдонулган аппараттар менен коюлганы маалымдалган. Алардын ичинен 52си реактивдүү дрон болгон.
Шерине