Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Өкмөт салык системасын өркүндөтүүчү мамлекеттик мекеме түздү


Министрлер кабинети Салык кызматынын алдында "Салык Сервис" деген аталыштагы мамлекеттик мекеме түздү. Буга байланыштуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Салык сервис" жарандарга салык милдеттенмелерин аткаруу жана натыйжалуу башкаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Мамлекеттик мекеменин милдеттерине салык органдарынын маалыматтык системаларын түзүү, өркүндөтүү, колдоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу кирет. Зарыл болгон учурда салык органдары өз функцияларын аткарууга байланыштуу пайдаланган материалдык-техникалык базаны, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстанга ташылып келген товарларды каттоо пунктарында мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу системаларын камсыз кылуу болуп эсептелет.

Жаңы түзүлгөн мекеме салык органдарынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл тармактар боюнча консультанттарды камсыз кылууга тийиш.


Быйыл жыл башында Кыргызстанда талаш-тартыш менен коштолгон жаңы Салык кодекси ишке кирген. Буга чейин президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирген. Бирок адистер жаңы салык кодекси ишкерлердин ишине тоскоолдук кыларын, алардын сунуштары эске алынбай калганын айтып чыгышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG