Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Бишкекте Орусияны колдогон акция өтүп жатат


Бишкектеги Орусияны колдогон акция. 22-март, 2022-жыл.
Бишкектеги Орусияны колдогон акция. 22-март, 2022-жыл.

Орусияны колдогондор 22-мартта Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбакта акцияга чыгышты. Катышуучулар Кыргызстан менен Орусиянын желегин көтөрүп алышкан. Айрымдары "Биз Путин үчүн", "Биз фейкке каршыбыз" деген жазууларды, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун сүрөтүн көтөрүп турушат.

Арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Евгения Строкова, саясат таануучу Токтогул Какчекеев, саясий эксперт Бакыт Бакетаев, Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова, студент, окуучулар бар. Алар Орусиянын Украинага жасаган "аскерий операциясын" колдой турганын айтып жатышат.

19-мартта да Ош шаарындагы Токтогул паркында Орусиянын саясатын колдогон акция уюштурулган. Иш-чаранын катышуучулары колуна “Кыргызстан батыштын колониясы эмес!”, Биз Орусия менен!”,”Биз мигранттар менен!”, “Батыштын саясаты - элдин азабы”, “Орусиянын коопсуздугу - биздин коопсуздук” деген жазууларды кармап туруп, эки-үч сааттан кийин тарап кетишкен. Митингди өткөрүүгө Ош шаардык мэриясы уруксат бергенин шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирген.

Бишкекте ага чейин Украинага тилектештик билдирген жана Орусиянын саясатын айыптаган акциялар өткөн. Акыркысы 17-мартта болуп, анда укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык иретинде пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин кое берген. Укук коргоочулардын ишин Биринчи май райондук соту карап жатат.

Бишкекте 8-мартта өткөн “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган жүрүштө милиция өкүлдөрү Украина жана Орусиянын желегин көтөрүүгө тыюу салган. Өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган киши Кыргызстан нейтралдуу позицияда экенин айтып, жүрүштү саясатташтырбоого чакырган.

24-февралда Украинага кол салган Орусиянын аскерлери соңку күндөрү борбор калаа Киевди бутага алууда. 21-мартта шаардагы ири соода борборлорунун бирин орус армиясы тыптыйпыл кылды. Киевдин мэри Виталий Кличко бул соккудан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Орус күчтөрүнүн чабуулунан миллиондогон адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду, жүздөгөн карапайым адамдардын, жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG