Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Сот Абдирасулованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-мартта укук коргоочу Азиза Абдирасулованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады. Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскартты.

Ага карата экинчи берене - "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" боюнча жараян 24-мартка белгиленди.

Буга чейин укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров менен Динара Ошурухунова дагы ушул берене боюнча акталган. Ал эми Токтонасыров тыюу салынган жерде акция өткөргөнү үчүн "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" беренеси боюнча 3 миң сом айыпка жыгылган.

Үч укук коргоочу 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган. Ишти Биринчи май райондук соту карай баштаган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыгып жатат.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

XS
SM
MD
LG