Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Жапаров: Акцияга чыккандарды мыйзамсыз кармаганы үчүн ИИМ жооп берет


Милиция кармаган жарандык активисттер. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.
Милиция кармаган жарандык активисттер. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.

Бишкектеги Горький гүлбагында өткөн Украинага тилектештик акциясынын катышуучуларын мыйзамсыз кармаганы үчүн Ички иштер министрлиги жооп берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын айтымында, мыйзамдын талаптарын аткарууда өкмөт кош стандартуулукка жол бербейт.

"Баарына бирдей тартип, бирдей мыйзам иштеп жатат жана иштейт. Бирок мен айрым жарандарга кайрылгым келет: бирөөнүн тилине кириппи, балким, эси жоктугунанбы же азыркы кырдаалды сезбегени үчүнбү, айрым туура эмес кадамдарынын кесепети бүткүл кыргызстандыктарга тийбегендей болушу керек",-деди Жапаров.

Акылбек Жапаров ИИМге карата кандай чара көрүлөрүн тактаган жок. Ал Орусия менен Украинадагы согушта Кыргызстан нейтралдуу позицияны ээлегенин кайталады. Ошондой эле Жапаров "айрым банктардын жетекчилиги учурдагы кырдаалдан пайда табабыз деп Кыргызстанды санкцияларга туш кылуу коркунучуна кептегенин" белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы мындай банктарга карата чара көрүлөрүн эскертти.

2-апрелде Бишкекте Украинадагы согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Горький гүлбагына чогулган жарандык активисттер "Согушту токтот!", "Согушка жол жок!", "Путин, согушту токтот!" деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскерткен. Көп өтпөй митингчилерди кармап, Биринчи май райондук милициясына алып барышкан. Кийинчерээк сот акция катышуучуларынын аракетинде мыйзам бузуу жок деген жыйынтык чыгарган.

Ушул эле гүлбакта түшкө чейин Орусияны колдогон он чакты адам митингге чыккан. Аларга милиция да, бийлик өкүлдөрү да тыюу салынган чечим бар экенин айткан эмес.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG