Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

Милиция акцияда кармалгандар боюнча түшүндүрмө берди


Жарандык активисттерди кармоо учуру. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.
Жарандык активисттерди кармоо учуру. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 2-апрелде Горький гүлбагынан кармалган митингчилер тууралуу түшүндүрмө берди. Анда "митингдин катышуучулары Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш менен баруу үчүн чагымчылдык кылып, милициянын эскертүүсүнө кулак салбаганы" айтылат.

"Төрт райондук жана шаардык соттун митингдер тууралуу чечимдерин аткаруудан ачык баш тартып, элчиликтин имаратына жөнөгөн учурда кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди".

Маалыматта Орусияны колдоп чыккандар Горький гүлбагында митингди тынч өткөрүп, тарап кетишкени үчүн аларга чара көрүлбөгөнү да айтылган.

Бүгүн, 2-апрелде Горький гүлбагында эки митинг өттү. Биринчисинде Орусиянын саясатын колдоп, он чакты адам колдоруна плакат кармап туруп, бир нече убактан кийин тарап кетишкен. Алардан кийин Украинадагы согушка каршы болгон жарандык активисттер чогулганда аларды милиция кармап кеткен. Окуяга ошол жерде турган журналисттер, алардын ичинде "Азаттыктын" кабарчылары да күбө болушту.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG