Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

БДК президентти тынч жыйындарды чектебөөгө чакырды


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан кез. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан кез. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.

Бириккен демократиялык кыймылы (БДК) Кыргызстандын Конституциясы менен кепилденген жарандардын эркиндигин чектөө күч алып жатканына нааразы экенин билдирди.

"Биз өз ишенимибизди, көз караштарыбызды билдирүү жана жайылтуу эркиндигинен, тынчтык акцияларын өткөрүү, адилет сот жана объективдүү тергөө укугунан ажырап жатабыз. Бизди камап, коркутуп-үркүтүп, жалаа жаап, аңдып, жамандап жатышат. Ушунун баарын сиздге түздөн-түз баш ийген мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары жасоодо", - деп жазылган кыймылдын бүгүн, 2-апрелде тараткан билдирүүсүндө.

Кайрылууга кол койгондор президент Садыр Жапаровдун жана анын тарапкерлери тарабынан уюштурулуп, өткөрүлгөн митингдерди да белгилеп, мамлекет башчыны куугунтуктоо, коркутуу, зөөкүрдүк жана тыюу салуу саясатынан баш тартууга чакырышкан.

Бүгүн, 2-апрелде Бишкекте Горький паркында Украинадагы согушка каршы чыккан жарандык активисттерди милиция кармап кетти. Милиция Бишкекте үч айга чейин Орусия менен Украианага байланыштуу митингдерге сот тарабынан тыюу салынганын жүйө келтирди.

Бирок ушул эле гүлбакта бир нече саат мурда Орусияны колдогон он чакты адам митингге чыккан. Аларга милиция тыюу салынган чечим бардыгын эскерткен эмес.

Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жазып, пикет, митинг, акцияларды чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин алдында өткөрбөөгө чакырган. Мамлекет башчы бул үчүн Горький паркы бар экенин, ал жерде "кааласа 24 саат жатып алса болорун" жазган.

Мамлекет башчы Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Бишкекте Орусия менен Украинага байланыштуу акцияларга үч айга тыюу салынганы боюнча пикирин билдирген эмес.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Бир айдан ашуун созулган согушта Украинанын бир катар шаарлары талкаланды, 4 миллиондон ашуун киши качкынга айланды. Расмий Бишкек согуш башталгандан бери бейтарап позицияда экенин айтып келет. Буга чейин борбордо эки тарапты тең колдогон митингдер өткөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG