Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Актер зордуктоого шек саналып кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) кабарлагандай, Ч.М. аттуу адам зордуктоого шек саналып, кармалды.

Бул факт Кылмыш кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Шектүү Ч. М. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Свердлов райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды.

Айрым маалымат каражаттары шектүү таанымал актер жана режиссер экенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG