Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

АКШ Орусия менен Беларустун дагы 120 ишканасын "кара тизмеге" киргизди


Орусиянын суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси "Звезда" заводунда.
Орусиянын суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси "Звезда" заводунда.

АКШнын Соода министрлиги Орусиянын Украинага баскынчылыгынан улам "кара тизмени" кеңейтүүдө. Бул жолу Орусия менен Беларустун 120 ишканасынын товарын алып кирүүгө чектөө кирди. Бул тууралуу АКШнын федералдык каттоо сайтында жарыяланды.

Тизмеге коргонуу, аэрокосмос жана деңиз тармагы менен байланышкан ишкана-уюмдар кирди. Алардын ичинде Орусиянын оптика-физикалык ченөөлөр боюнча илим-изилдөө институту, Мосэлектродолбоор, суу кемелерин куруучу "Звезда" заводу, Борбордук аэрогидродинамикалык институт жана башкалар бар. Беларустан "Альфа" уюму, Ички иштер министрлигинин Гомель облустук башкармалыгы, Ички аскерлер кирген.

Маалыматка ылайык, булар "АКШнын тышкы саясатына жана улуттук кызыкчылыгына каршы иштеген".

АКШнын "кара тизмесине" кирген ишкана-уюмдарга америкалык алдыңкы технологияларды сатууга тыюу салынат.

АКШ Орусиянын бир катар технология компанияларына жана Москванын Украинага басып киришине байланышы бар экени айтылган адамдарга санкция салууда.

Британия Орусиянын RT мамлекеттик телеканалына, “Орусия бүгүн” медиахолдингине жана бир катар медиаменежерлерге санкция салды. Британ өкмөтүнүн 1-апрелдеги жаңы “кара тизмесинде” ошондой эле орус армиясынын генерал-полковниги Михаил Мизинцев да бар.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Москва мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG