Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Үрүмчүдөн Кыргызстанга товар ташуу жанданды


Нарындын “Торугарт” өткөрмө бекети аркылуу Кытайдан күнүнө 100 жүк ташуучу автоунаа чыгып жатканы кабарланды.
Нарындын “Торугарт” өткөрмө бекети аркылуу Кытайдан күнүнө 100 жүк ташуучу автоунаа чыгып жатканы кабарланды.

Кыргызстан менен Кытайдын Шинжаң автоном облусунун ортосундагы товар алмашуу быйыл январь-февраль айларында 18 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, эки ай ичинде эки тараптын соода алмашуусу 8,5 млрд юанга жеткен. Бул мурдагы көрсөткүчтөн 18,2 эсе көп.

2021-жылдын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан менен Кытайдын соода алмашуусу 1,5 млрд. долларды түзгөн. Анын ичинен 1,46 млрд. доллар импорт, 64 млн. доллар экспорттук товарлар. Мурдагы жылга салыштырмалуу Кытайдан кирген товарлардын көлөмү эки эсеге, ал эми товар экспорттоо 1,5 эсеге өскөн.

Кыргызстандан Кытайга баалуу металл, кен концентраттары, мунай, тери жана тамеки экспорттолот.

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөгө байланыштуу эки өлкө ортосундагы товар ташуу кескин кыскарган. Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2018-жылы 2 млрд. долларды, 2019-жылы 1 млрд. 816 млн. долларды түзгөн. Пандемия башталып, соода бир нече айга токтогон 2020-жылы эки өлкө ортосунда 700 миллион долларга жакын гана товар алмашуу болгон.

Былтыр он айда эки тараптуу сооданын көлөмү 1 млрд. 155 млн. доллардан ашкан.

Соода жүгүртүүнүн кыскарышы кыргыз бюджетине түшчү бажы төлөмдөрүнүн азайышына алып келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG