Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Кытай Украинадагы тынчтыкка өзүнчө салым кошорун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай Евробиримдикке Украинада тынчтыктын орношуна өз жолу менен, Орусияга катаал мамиледен жана кысымдан алыс шарттар менен салым кошорун убада кылды. Европа Биримдиги менен Кытайдын жетекчилери 1-апрелде виртуалдык саммит өткөрүп, анда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Евробиримдиктин жетекчилери менен сүйлөшүүдө Бээжин тынчтыкка "өз алдынча" жетишерин билдирди. Ал эми Кытайдын лидери Си Цзиньпин Евробиримдиктен көз карандысыз мамиле күтөрүн билдирип, Европа, АКШ менен тыгыз экономикалык байланыштарына ишара кылды.

Евробиримдик Кытайды расмий Москвага Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө жол бербөөгө үндөгөн.

"Биз Кытайды Украинадагы согушка чекит коюга көмөктөшүүгө чакырдык. Бээжин Орусиянын эл аралык укуктарды тебелеп жатканына көз жуумп коё албайт",-деди Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Еврокомиссия төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен чогуу өткөргөн брифингде.

Фон дер Ляйен орус-украин согушунда Кытай ири держава жана БУУнун туруктуу мүчөсү катары өзүнүн таасирин пайдаланат деген үмүтүн айтты. Ал ошондой эле "Орусияга кандай гана колдоо болбосун, Кытайдын аброюна шек келтирет" деди.

Расмий Бээжин Орусиянын Украинага кол салганын айыптоодон баш тартып, Батыштын Москвага киргизген санкцияларын сынга алган болчу.

Батыш өлкөлөрү Кытайдын Шинжаң районундагы уйгурлар баштаган мусулман жамааттарынын укугу бузулуп жатканы үчүн Бээжинди айыптап келишет. Кытай эл аралык коомчулуктун сынын четке кагып, Шинжаңдын тургундары камалган саясий тарбия берүүчү лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор деп мүнөздөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG