Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Ошто Апрель окуясы эскерилбеди деп нааразы болгондор өкүлчүлүккө келишти


Ошто нааразылыкка чыккандар.
Ошто нааразылыкка чыккандар.

Ошто 7-апрель - Элдик революция күнү эскерилбеди деп 30га жакын адам нааразылыкка чыкты. Алар облустук администрация менен шаардык мэрия жайгашкан имараттын алдына чогулушту.

Президенттин Ош обулусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Мурадил Тешебаев 7-апрель окуясы үчүн облустук казынадан 50 миң сом бөлүнгөнүн билдирип, бирок расмий иш-чара эмнеге өтпөй калганынын чоо-жайын түшүндүргөн жок.

Ош мэриясынын өкүлү Максуда Айдарбекова иш-чара уюштурууга мэр тарабынан тапшырма болбогонун билдирди.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Апрель окуясынын 12 жылдыгы Бишкекте жана бир катар аймактарда белгиленди. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG