Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болду


Президент Садыр Жапаров 8-апрелде Муса Жаманбаевди Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаманбаев буга чейин президенттик администрациянын Протокол кызматынын жетекчиси болгон.

Буга чейинки элчи Ибрагим Жунусов былтыр жыл аягында кызматтан бошотулган. Ал элчи болуп 2018-жылдан тарта иштеп жаткан жана соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Ошол маалда Жунусовдун ордуна Фархат Иминов сунушталып, тымызын дайындалганы жатканы тууралуу парламентте айтылган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG