Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Кызгалдак талаасындагы окуянын чоо-жайы териштирилип жатат


Иллюстрация сүрөт
Иллюстрация сүрөт

Чүй милициясы кызгалдак талаасынан сүрөткө түшүүнү каалагандар арасында мыйзамды сактоо жана фермерлердин эмгегин урматтоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын бүгүн 10-майда “Азаттык” радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кызгалдак талаасында бири-бирине кол көтөргөн аялдар боюнча эч кимден арыз-даттануу түшкөн жок. Азыр ал аялдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Талаанын ээси окуя тууралуу кошуналарынан укканын, ал аялдарды тааныбай турганын айтып берген.

Милиция билдиргендей, кызгалдак талаасындагы окуя Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында болгон. Анын видеосу Интернетке 9-майда чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG