Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Ротация болгон судьялар жаңы орундагы ишине киришет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-майда жакында ротация болгон жергиликтүү судьялар жаңы кызмат орундарында иштей башташат.

Жергиликтүү соттордун 312 судьясын ар кайсы аймактарга ротациялоо боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 30-апрелде кол койгон. Жарлык орун которуу жең ичинен келишип алганды токтотуп, сот системасындагы жемкорлукту азайтууга багытталганы белгиленген.

Жогорку сот бул ротация укуктук мамлекеттеги мыйзамдуулуктун сакталышына, бирдиктүү жана туруктуу соттук тажрыйбасы өкүм сүрүшүнө түрткү болот деген ишенимде.

Кыргызстанда сот бийлигинин эгемендигин камсыздоого багытталган бир катар укуктук нормалар иштейт. Ага карабай, Transparency International уюмунун баасында, иш жүзүндө соттор саясий жетекчиликтин кызыкчылыгы камтылган иштерди кароодо аткаруу бийлиги менен прокуратуранын ашкере кийлигишүүсүнө кабылат.

Heritage Foundation эл аралык изилдөө уюмунун соңку баяндамасында Кыргызстандын сот тутуму кескин начарлап баратканы жазылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG