Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

"Алаамат согуштун пайдасы жок"

Бишкек. 9-май, 2022-жыл
Бишкек. 9-май, 2022-жыл

Кыргызстанда Жеңиштин 77 жылдыгына карата негизги иш-чаралар Бишкекте өтүп, Ошто жана Жалал-Абадда аталардын эрдигин эскерген жүрүш болду. Борбордо өлкө жетекчилигинин катышуусунда митинг-реквием өттү.

Жеңиштин 77 жылдыгына арналган негизги иш-чара Бишкектеги Жеңиш аянтында өттү. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров баштаган жогорку бийлик өкүлдөрү катышты.

Президент куттуктоо сөзүндө согушта ата-бабалар бейпил турмуш, эркин жашоо үчүн кан төккөнүн белгиледи.

“Бул күндө биз жыл сайын келечек муундун бейпил жашоосу үчүн Улуу Ата мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип келебиз. Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок”.

Бул ирет Жеңиш күнүнө карата аскердик техникалар менен парад болгон жок. Бишкек горнизонунун аскеринин өздүк курамы салтанат менен басып өттү.

"Кан майданда көргөн тозок эстен кетпейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ошондой эле 22 кыргызстандык “Даңк” орденинин толук кавалери, ал эми 77 ардагер Советтер Союзунун Баатыры аталып, эң жогорку даражадагы сыйлыктарга ээ болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, согушка катышкан ардагерлердин саны бүгүнкү күндө алтымыштын тегерегинде.

Бишкек шаарындагы согуштун ардагерлеринин бирикмесинин төрагасы Мелис Бейшеев согуш болбосун деген тилегин айтты.

“Европа талааларында 160 миңден ашык кыргызстандыктардын сөөгү калды. Мындай согуш эч убакта болбосун. Муну Улуу Жеңиш майрамы деп белгилеп жатабыз. Элибиздин маанайы жакшы. Себеби алаамат согуштун пайдасы жок, согуш болгон жерде эч качан ийгилик болгон эмес. Өлкөбүз, дүйнөбүз тынч болсун”.

9-майда Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда аталардын эрдигин эскерген жүрүш болду. Бишкектин "Түштүк дарбазасынан" башталган жүрүштүн катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басып барышты.

Ош шаарындагы жүрүшкө согуштун ардагери Касымбай Жолдошев күбө болуп отурду.

“Ушул кубанычтуу күндү 77 жыл мурун тосконбуз. Баш кийимибизди ыргытып, командирлерди асманга ыргытып. Үйгө кетебиз дегенде апама согуш бүттү деп кат жазгам”.

Согуштун ардагеринин кызы Сакин Матисаева Жеңиш күнү ыраматылык атасын эскерерин айтат.

“Өлбөс полкту” өткөрүш керек. Ушул күндөрү жүрөгүбүз ооруйт. Анан келип, көргөндөн кийин жакшы болуп калабыз. Эскердик деп жүрөгүбүз тынчып калат. Менин атам концлагерде жаткан”.

Кыргызстан Жеңиштин 77 жылдыгын быйыл өзгөчө шартта белгилеп жатат. Аянтта аскердик парад өткөн жок. Ал эми “Өлбөс полк” жүрүшүндө Z, V сыяктуу согушка байланышкан атрибуттар менен символдорду колдонбоого эскертүү берилди.

Ооруктун ардагери Карачач Чокморова Украинадагы согушка токтолуп, мындай алаамат эч кимге кереги жоктугун, ал бардык баалуулуктарды уурдай турганын белгиледи.

“Биздин көргөндү эч ким көрбөсүн. Согуш биздин балалыгыбызды уурдаган. Уруш башталганда жети жашта болчумун, апийим тердик, катуу иштедик. Эч качан согуш болбосун. Украинада эмне болуп жатат, баары ыйлап жатат. Балдар ыйлабасын”.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Аталардын, апалардын эрдигине таазим (сүрөт баян)

"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары. 9-май, 2022-жыл.
1/20 "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары. 9-май, 2022-жыл.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. 
2/20 Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. 
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган.
3/20 "Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Шаардын "Түштүк дарбазасынан" башталган жүрүштүн катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басып барышты.
4/20 Шаардын "Түштүк дарбазасынан" башталган жүрүштүн катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басып барышты.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согушка катышкан 50 чакты гана ардагер калганын 9-майда билдирди.
5/20 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согушка катышкан 50 чакты гана ардагер калганын 9-майда билдирди.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Расмий маалымат боюнча, 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
6/20 Расмий маалымат боюнча, 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
 Быйылкы "Өлбөс полк" жүрүшүнө 20 миңге жакын киши катышканын жүрүштүн уюштуруучулары билдиришти.  
7/20  Быйылкы "Өлбөс полк" жүрүшүнө 20 миңге жакын киши катышканын жүрүштүн уюштуруучулары билдиришти.  
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
 
8/20  

Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет.
9/20 Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.
10/20 Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүндө "Өлбөс полк" жүрүшү боюнча кайчы пикир жаралды.
11/20 Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүндө "Өлбөс полк" жүрүшү боюнча кайчы пикир жаралды.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Жүрүштө Z, V сыяктуу согушка байланышкан атрибуттарды колдонбоо тууралуу эскертүү берилди. Катышуучулардын көбү Георгий тасмасын тагынып жүрүштү.
12/20 Жүрүштө Z, V сыяктуу согушка байланышкан атрибуттарды колдонбоо тууралуу эскертүү берилди. Катышуучулардын көбү Георгий тасмасын тагынып жүрүштү.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
13/20

14/20

Өчпөс от. 
15/20 Өчпөс от. 
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Жеңиш күнүн белгилөө Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отто" да уланды. 
16/20 Жеңиш күнүн белгилөө Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отто" да уланды. 
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
17/20

"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары "Өчпөс отко" гүлчамбар коюшту.
18/20 "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары "Өчпөс отко" гүлчамбар коюшту.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
Бишкек. Жеңиш аянтындагы жоокерлер. 
19/20 Бишкек. Жеңиш аянтындагы жоокерлер. 
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына жарандардын жүрүшү башталды. Анын катышуучулары шаардын "Түштүк дарбазасына" топтолуп, Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө барышты. Аянтта митинг-реквием өттү.
20/20

Артка
Алдыга

Президент Садыр Жапаров согуштун ардагерлерине президенттин фондунан 10 миллион сом бөлүп, 100 миң сомдон ардагерлерге, майып болгондорго, концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына берилген.

Ошондой эле блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштегендер жана «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйлангандар, “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар алган.

Мындан тышкары, 9-майга карата жогоруда аталган категориядагы адамдарга 20 000 сом өлчөмүндө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул берилген.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Куржундар
XS
SM
MD
LG