Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү көбөйдү


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. 424 млн. метр кубга жетти.

“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 1 миң 313 метр куб суу агып кирүүдө. Ошол эле учурда суу чөйчөктөн секундасына 245 метр куб суу агып чыгууда.

Өлкөнүн башкы энергетикалык булагы болгон Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыр кышка карай кескин төмөндөп, 8,5 млрд. метр кубга чейин түшкөн.

Мындан улам Кыргызстан соңку жылдардагы ири энергетикалык кризиске дуушар болуп, “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG