Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

ЖАМК абактагы козголоң тууралуу кабарды четке какты


Кыргызстандагы абак. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы абак. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик комитети (ЖАМК) Бишкектеги "№47 абакта козголоң болду" деген маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 9-май күнү кечке жуук абактагы эски заводдун бир бөлүмүндө өрт чыккан.

"Абактын өзүндө өрт өчүрүү бөлүмү болгондуктан тез эле өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча ага электр зымдарынын бузулганы себеп болгон. Өрттөн эч ким жабыркаган жок".

Басма сөз кызматы өрттүн кесепетинен улам абакта электр жарыгы өчүп калганын, ар кандай кырсыктын алдын алуу үчүн түрмөнүн сыртына милиция кызматкерлери кошумча коюлганын билдирди.

Мурдараак соцтармактарда №47 жаза өтөө мекемесинде кармалып тургандар козголоң чыгарышканы тууралуу маалыматтар тараган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG