Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Өнөр жай тармагындагы абал талкууланат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы азыркы абал бүгүн 10-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде каралат. Парламенттин сайтындагы маалымат боюнча, маселени кароону комитет өзү демилгелеген. Депутаттардын суроолоруна Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги жооп берет.

Былтыр декабрда министр Данияр Амангелдиев өнөр жай сектору экономикалык өсүштүн негизги багыты экенин, бул тармактагы өндүрүштүн реалдуу өсүшү 14,9 % түзөт деп болжолдонуп жатканын айткан.

Министрликтин жаӊыртылган божомолу азырынча жасала элек. “Азаттыкка” министрликтегилер айткандай, эксперттер азыр жаңы эсепти тактоодо.

Марттын соңунда ал кездеги тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Министрлер кабинети жагдайдын өтө начарлап кетишине даярданып жатканын айткан. Германиянын Deutsche Welle (DW) басылмасына курган маегинде ал “Биздин бийликтегилер экономиканы кубаттандыруу үчүн иштеп, санкциялардын кесепетин колдон келишинче азайтууга аракеттенүүдө. Бирок азыр биздин божомолдор көрсөткөндөй, экономика 5тен 10 % чейин төмөндөшү мүмкүн”, – деген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG