Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Ботаникалык бак маселеси парламенттик комитетте каралат


Ботаникалык бак.
Ботаникалык бак.

Бишкектеги Ботаникалык бак маселеси бүгүн 10-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде каралат. Дастан Бекешев баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан токтом “Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү чаралары деп аталат.

21-апрелде маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, депутаттар бир пикирге келе алышкан эмес.

Ботаникалык бак боюнча соңку расмий маалымат 20-апрелде өкмөттүн сайтына чыккан. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ботаникалык бакка барып, бак кейиштүү абалда экенин, ал шаар тургундарынын жана конокторунун табияттан ыракат ала турган жерине айланарын, менежерлик идеялар керек экенин, мэрияга өткөрүү ыктымалдыгы каралып жатканын, кандай болгон күндө да анын илимий макамы толук сакталып каларын жана ишмердүүлүгү өзгөртүлбөй турганын айтканы маалымдалган.

Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өткөрүүгө каршы экенин, мекеменин директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” 20-апрелде билдирген. Ал Ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин, чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашкан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG