Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

Президент санарип валютаны киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди


Улуттук банк. Бишкек.
Улуттук банк. Бишкек.

Бүгүн өлкөдө улуттук валюта - сомдун негизделген күнү. 1993-жылы Кыргызстан Борбор Азия аймагында алгачкы болуп, мурдагы Советтер Союзунун акча бирдиги- рублден баш тартып, улуттук валютасын киргизген.

Быйыл сомдун негизделгенине 29 жыл толду.

10-май Кыргызстанда банк кызматкерлеринин күнү катары да белгиленет. Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө банк чөйрөсүнүн ролу чоң экенин белгилеп, ошол эле учурда экономикалык кризиске каршы чараларды ишке ашыруу да банк секторунун милдети болуп саналарын эскертти.

"Экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү улантуу, карыз алуучулар жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, банк кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу улуттук төлөм системасын өнүктүрүү банк секторунун милдети болуп саналат. Учурда жаңы глобалдуу чакырыктарды эске алуу менен жашыл, санарип, креативдүү экономиканы өнүктүрүү, финансы рыногун трансформациялоо жана санарип валютаны киргизүү боюнча жаңы маселелерди чечүү алдында турабыз",-деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана алардын 312 филиалы бар.
(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG