Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду


Жамалбек Ырсалиев.
Жамалбек Ырсалиев.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматтан бошотулуп, "Бишкек жылуулук-энерго" коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 10-майда билдирди.

Вице-мэри болуп шаардык кеңештин депутаты (Өнүгүү-Прогресс) Олег Попиков дайындалган.

Ырсалиев мэрияга жетекчилик кызматка 2020-жылдын ноябрында келген. Алгач вице-мэр болуп иштеп, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган.

Ушул жылдын февраль айында Бишкекке жаңы мэр келген. Президенттин жарлыгына ылайык, бул кызматка Эмилбек Абдыкадыров дайындалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG