Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Министр ЖОЖ ректорлорун дайындоону сунуштады


Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет. Иллюстрациялык сүрөт.
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги парламентке Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо эмес, дайындоону сунуштаган мыйзам долбоорун жолдоду.

Бул тууралуу министр Алмазбек Бейшеналиев 10-майда парламенттин социалдык саясат комитетинди билдирди. Анын айтуусунда, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, "улуттук" макамы бар төрт окуу жайдын ректорлорун президент дайындайт, калган 29 мамлекеттик окуу жайдын жетекчиси Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындалат.

Министр Бейшеналиев окуу жайларда билим берүү жараянына караганда, саясий жараяндар көп болуп жатканын белгилеп, жетекчилердин дайындалышы шайлоого караганда оң натыйжа берерин кошумчалады.

Ошондой эле мыйзам кабыл алынган күндө да ректорлор кызматтан бошотулбасын, алар шайланган мөөнөтүнүн аягына чейин иштей турганын билдирди.

Депутаттардын арасында ректорлорду дайындоо Жогорку Кеңеш аркылуу жүргүзүлсүн деген пикир айткандар да болду.

Учурда "улуттук" макамга Жусуп Баласагын атындагы университет, Скрябин атындагы айыл чарба университети, Молдобасанов атындагы консерватория жана Садыков атындагы көркөм академия ээ. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG