Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Орус аскерлери Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду күчөттү


"Азовсталь" заводу. Мариупол. 5-май, 2022-жыл
"Азовсталь" заводу. Мариупол. 5-май, 2022-жыл

Соңку маалыматтарга караганда, орус аскерлери Кара деңиздин боюндагы Одесса портун ракеталардан аткылап, Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду күчөттү. Ал жакта жоокерлерден тышкары кеминде 100 карапайым киши калганын шаар мэри 10-майда билдирди.

«Бирок буга карабай баскынчылар соккуларын басаңдаткан жок», - деп жазды Петро Андрюшенко Телеграм каналына.

Орус армиясынын Мариуполду толугу менен өз көзөмөлүнө алуу аракетинен майнап чыга элек. «Азовсталдын» жер төлөлөрүндө 2 миңдей украин аскери туруштук берүүдө.

Шейшембиде эртең менен Луганск, Харьков жана Днепр шаарларына абадан сокку урулганы кабарланды.

Харьков облусунун администрация башчысы Олег Синегубов Изюм шаарында урандылардын алдында 44 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Шаар март айында орус аскерлери тарабынан талкаланган.

Ал арада Британиянын чалгын кызматы Орусия Украинанын каршылык көргөзүүдөгү чечкиндүүлүгүн, туруштук берүү жөндөмүн эске албаганын, майдандагы утулуштардан улам президент Владимир Путин 9-майдагы парадда ийгиликтер менен мактана албаганын маалымдады.

Москвадагы парадда Путин согуш ачууну кайрадан жактаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG