Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Бербок: бейкүнөө курман болгондор үчүн адилеттүүлүктү орнотуу зарыл


 Анналена Бербок Бучада. 10-май 2022-жыл
Анналена Бербок Бучада. 10-май 2022-жыл

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Украинага мурда жарыяланбаган визит менен барып, Буча шаарында болду. Ал жерде орус аскерлери согуш кылмыштарын кылгандыгы үчүн айыпталууда.

Орусия басып киргенден бери немис өкмөтүнүн бир да министри Украинага бара элек болчу. Бербок шейшембиде украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен кездешмекчи.

Орус аскерлери чегинденген кийин Киевдин айланасындагы шаарчаларда, анын ичинде Бучада жергиликтүү тургундарды ырыйымсыз өлтүрүү, кыйноо фактылары аныкталып, массалык көрүстөндөр табылганда бир катар өлкөлөр, БУУ, Эл аралык кылмыш соту андай учурларды иликтөөгө чакырышкан.

Бербок бейкүнөө курман болгондор үчүн адилеттүүлүктү орнотуу зарыл деп айтты:

«Биз да ошол курмандыктардын арасында болушубуз мүмкүн эле деген сезим пайда болот экен. Киевдин жака белиндеги Буча Берлин менен Потсдамдай. Балдар ойногон аянтчалар, дүкөндөр, жумушка жайбаракат бараткан адамдар. Мунун жанында эле үрөй учурган кылмыштын издерин көрсө болот».

Башкы дипломаттын визити Киев менен Берлин ортосундагы мамилелерди жумшартуу белгиси катары каралууда.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер тышкы иштер министри болуп турган кезде Москва менен жакын мамилеси үчүн украин бийлигинин сынына кабылган. Ал 13-апрелде Польша, Литва, Латвиянын жана Эстониянын президенттери менен чогуу Киевге бармак, бирок сапардын алдында украин тарап аны тосо албай турганын айткан.

Ушундан улам Германиянын канцлери Олаф Шольцтун да Киевге сапары жылган.

5-майда Штайнмайер менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефондон сүйлөшүп, ортодогу түшүнбөстүктөрдү талкуулашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG