Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Мэрия №35 жана №41 автобустук каттамдарды башка ишканага берди


Бишкек мэриясы борбор калаадагы №35 жана №41 автобустук каттамдарды башка компанияга убактылуу берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти "Шыдыр Жол Кей Жи" ишканасы менен түзүлгөн №35 жана №41 автобустук каттамдарын пайдалануу боюнча келишимди бузган. Буга ишкана тарабынан системалуу түрдө келишимдик милдеттенмелер так аткарылбагандыгы себеп болгону айтылды.

Буга чейин мэрия "Шыдыр Жол Кей Жи" ишканасына №35 жана №41 автобустук каттамдарды калыбына келтирүү боюнча эскертүү берген. Шаардыктар №35 жана №41 каттамында автобустардын жоктугуна бир нече жолу арызданышкан.

Шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында аталган каттамдарды сынак өткөнгө чейин "Эко Пассажирские перевозки" ишканасына убактылуу берүү чечими кабыл алынган.

"Шыдыр Жол Кей Жи" компаниясын 2015-жылы кытайлык кыргыз, Кыргызстанга инвестор катары келген Токтобүбү Оргалча негиздеген. Борбор калаада каттамдарды кичи автобус аркылуу эмес, чоң автобус менен тейлеген бирден-бир менчик мекеме Бишкек шаардык мэриясы менен алгач 2016-жылы меморандум түзгөн. (МТа)

XS
SM
MD
LG