Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтыштын тандоо туру өттү


Акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру. Бишкек. 10-май, 2022-ж.
Акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру. Бишкек. 10-май, 2022-ж.

10-майда Бишкекте Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру өттү. Сынакка 42 акын катышып, 12 акын кийинки баскычка жолдомо алды.

Алар: Абдылда Нуралиев, Сапарбек Зулпуев, Чыңгызхан Кожошев, Турат Жумаев, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Болот Назаров, Арген Биймырза уулу, Шайлообек Отунчиев, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев, Темирбек Матыбаев. Сынакка катышкан беш акын кыз тең өтпөй калды.

Тандоо турунда төкмө акындар эки саптан гана ыр төгүп, жанындагы жубу айткан уйкашты улап ырдашы керек деген талап коюлду.

Акындардын айтышы 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтүп, коңшу Казакстандын да төкмөлөрү катышат.

Байдылда Сарногоев 1932-жылы 14-январда Талас районунда туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Анын биринчи ыр жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн.

1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин маданий байланыштарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылган. 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Акын 2004-жылы 20-ноябрда 72 жашында каза болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG