Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

ЕBRD: украин экономикасы быйыл 30% төмөндөйт


Украина. 19-апрель, 2022-жыл
Украина. 19-апрель, 2022-жыл

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (European Bank for Reconstruction and Development - EBRD) божомолуна караганда, украин экономикасы быйыл 30% төмөндөйт. Бул тууралуу Лондондо жайгашкан финансылык институттун Мароккодо башталган жылдык конференциясында маалым болду.

Согуш башталгандан көп узабай, мартта Украинанын экономикасы 20% төмөндөйт деп болжолдонгон.

Ошол эле маалда 2023-жылы өлкө экономикасы 25% өсөрү белгиленди, марттагы прогноздо 23% жөнүндө сөз болгон.

Орусиянын блокадасы украин айыл чарба секторуна чоң сокку урду. Өлкө буудай жана күнкарама майынын ири эксопортёру экени белгилүү.

Согуштан улам Европанын машине куруучуларына Украинада чыккан кабелдерди жеткирүү да токтоп калды.

Банк Орусияга тиешелүү прогнозун ошол бойдон калтырды. Маалыматка ылайык, орус экономикасы быйыл 10% төмөндөйт, ал эми эмки жылы өсүш күтүлбөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG