Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

УКМК Баткенде жер мыйзамсыз трансформация болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, Баткен облусунда жайыт жерлерди мыйзамсыз трансформациялап, сатуу фактысы аныкталды. Маалыматка ылайык, 2016-жылы 27-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караштуу 34,5 га жер тилкеси “жайыт” категориясынан “калктуу конуштар” категориясына которулган.

Бул буйруктун негизинде 2016-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөтүнөн жеке турак жай куруу үчүн 50 жер тилкеси бөлүнүп, Ирелеш конушуна берилген. Жер тилкелери "Кадастр" мамлекеттик мекемеси тарабынан менчик укугуна чыгарылып, мамлекеттик актылар берилген.

"Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик экспедициясынын маалыматы боюнча, Ирелеш айылындагы 14,5 га жер "жайыт" деп көрсөтүлгөн. Жер кодексинин 1-беренесинин 26-пунктуна ылайык жайыт жерлер айыл чарба багытындагы жерлерге кирет. Ал эми ушул Кодекстин 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлерди кыргыз өкмөтү гана башка категорияга которо алат. Айыл чарба багытындагы жерлерди райондук мамлекеттик администрация башка категорияга өткөрө албайт" деп жазылган маалыматта.

Аталган факты боюнча быйыл 18-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө жүрүп жатканын УКМК бүгүн, 10-майда кабарлады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG