Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Ооган аялдар талибдердин паранжы кийип жүрүү буйругуна каршы акцияга чыкты


Ооган аялдарынын нааразылык акциясы. Кабул, 10-май 2022-жыл
Ооган аялдарынын нааразылык акциясы. Кабул, 10-май 2022-жыл

Ооганстанда он чакты аял талибдердин паранжы кийип жүрүү буйругуна каршы нааразылыгын билдирип чыкты. Алар 10-майда “Талибандын” эскертүүлөрүнө карабай, Кабулдун көчөлөрүндө жүрүш жасашты. “Ооганстандын күчтүү аялдарынын кыймылы” тараткан видеодо нааразылыгын билдиргендердин бири “талибдер бир кадам таштасаңар эле ок атабыз деп коркутушканын” айтып берди.

Сөз болгон буйрук 7-майда жарыяланган. Ага ылайык, аялдар коомдук жайларда башын, денесин чүмкөп жүрүүгө тийиш. Ооганстанда кыз-келиндердин көбү жолук салынып жүрөт, бирок Кабул өңдүү чоң шаарларда бетин ачык калтыргандар да аз эмес.

Эрежеге баш ийбегендердин атасына же башка эркек тууганына катуу чара көрүлөт.

“Талибан” кыймылы бийликке кайтып келген былтыркы августтан бери Ооганстанда адам укуктары, өзгөчө аялдар укуктары абдан чектелгенин жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары белгилешет.

Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө кыздардын 6-класстан кийин окуусуна тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG